14
Июнь
2016
Өкмөт Кадамжай жана Сузак райондорунда жаратылыш кырсыгынын натыйжасында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин натыйжасында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат.
Ар жыл сайын балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын эсебинен Кадамжай жана Сузак райондорунан 65 өспүрүм жайкы эс алуу учурунда Кыргызстандын балдар лагерлеринде эс алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү