15
Декабрь
Өкмөт Салык кызматынын штаттык санын жана түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө чечим кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик салык кызматынын штаттык санын жана түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Документке ылайык, Салык кызматынын борбордук аппаратынын кайталанма функциядагы 6 штаттык бирдигин жоюу максатында алар аймактык органдарга өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматына ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун критерийлерине талдоо жүргүзүүсү, ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүсү жана аймактык салык органдарынын кызматкерлерин ири салык төлөөчүлөргө салыктык контролду натыйжалуу жүргүзүү маселеси боюнча системалуу түрдө окутуусу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү