10

Декабрь

2016

Өкмөт «119» түз байланышын түздү, ал боюнча 11-декабрда шайлоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча кайрыла алат

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан «119» номери боюнча түз байланыш түзүлдү.

Аталган номер боюнча эртең, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын шайлоочулары саат 7.00 дөн 20.00 чейин добуш берүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча кайрыла алат.

Республикалык штаб эртең аймактык штабдар менен үзгүлтүксүз байланышта болот.

Бүгүн, 10-декабрда, райондук штабдар менен конференцбайланыш тесттик текшерүүдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө басма сөз борбору иш алып барат, анда күнү бою Республикалык штабдын жетекчиси – биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдин катышуусунда шайлоо участокторундагы шарттардын түзүлүшү, коомдук тартиптин камсыздалышы жана башка маселелер боюнча басма сөз жыйындары өтөт.

Белгилесек, 2016-жылдын 11-декабрында 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб 2016-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу аркылуу түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү