23
Март
КР Өкмөтү Аксы районундагы «Кербен-24» радио релелик станциясынын көчүрүлүшү тууралуу маалыматты четке кагат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорундагы маалыматтык коопсуздукту чыңдоо максатында Унгар-Тоодо жайгашкан «Кербен-24» радио релелик станциясы менен байланышта иштөөчү жаңы курулуш станциясын куруу жөнүндө маселе каралууда.
Аталган станцияны куруу зарылдыгы көрсөтүлгөн райондорго санариптик алып берүүнү кароо менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2001-жылдын 2-ноябрындагы №692 токтому аркылуу жактырылган Кыргыз Республикасында Санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында жаңы байланыш каналдарын жөнгө салуу зарылдыгы менен шартталган.
Белгилей кетчү нерсе, «Кербен-24» радио релелик станциясы көчүрүлбөйт. Чекара тилкесинин аталган участок аркылуу өтүү маселеси Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишинин алкагында талкууланат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарын коомчулукту адаштырбоого чакырат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү