10

Февраль

2017

Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорунун алкагындагы жеңилдетилген насыялар боюнча төлөө мөөнөтүн узартты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбооруна өзгөртүүлөр киргизилет. Чечим насыялоо шартын жакшыртуу максатында кабыл алынган жана жеңилдетилген насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну карайт: - «мал чарбачылык» тармагы үчүн - 18 ден 36 айга дейре; - «өсүмдүк өстүрүү» тармагы үчүн – 24 төн 36 айга дейре. Киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында жеңилдетилген насыяны 36 айга дейре төлөө мүмкүндүгү өлкөнүн - «мал чарбачылык», «өсүмдүк өстүрүү», «айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү», ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармактарында эмгектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилет. Маалымдама: Мурдараак «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорун ишке ашыруу шарттары катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58-токтому менен бекитилген кредиттик каражатты кайтаруунун төмөнкү мөөнөтү бекитилген: - 18 айдан ашуун эмес - «мал чарбачылык» тармагы үчүн»; - 24 айдан ашуун эмес - «өсүмдүк өстүрүү» тармагы үчүн»; - 36 айдан ашуун эмес - «айыл чарба продукциясын иштетүү жана кайра иштетүү», ошондой эле экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармактары үчүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү