05

Сентябрь

2016

Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун киргизди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизди.

Бүгүн, 5-сентябрда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-августундагы №457-Токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору каралат.

Мындан тышкары комитеттин жыйынында парламенттин тармактык комитеттеринде жана фракцияларында бюджетти кароо графиги аныкталат.

Аталган маселе боюнча баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү