07

Апрель

2018

Өкмөт Аксы районунда каза тапкандын үй бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 7-апрелинде кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкан Кыргыз Республикасынын жараны М.Ф.М. үй бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Эске салсак, бүгүн, 7-апрелде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Кыргыз Республикасынын жаранына ок чыгарган. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын жаранынын курмандыгына  алып келген инциденттин себебин өзбек тарап менен биргеликте териштирүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү