17
Январь
КР Өкмөтү тарабынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүү максатында 70 миң сомдон бөлүнөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында 16-январда орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү, кырсык кесепеттерин жоюу, кырсыктын себептерин иликтөө маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешме авиакырсыктын натыйжасында каза болгондорду эскерүү менен башталды.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана башка авариялык-куткаруу иштери боюнча ыкчам штаб мүчөлөрү аткарылган иштер жана жакынкы арада тийиштүү көмөк көрсөтүү боюнча биринчи кезектеги милдеттер жана кыйраган учактын кесепеттерин жоюу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу толук маалымат беришти.
Азыркы кезде аталган айылда бардык көчөлөр электр энергиясына туташтырылды. Энергетиктер жашоочуларга электр энергия берүүнү калыбына келтирүү үчүн тынымсыз иштеп жатышат. Бүгүн дагы кырсык болгон жайда каза болгондордун сөөктөрүн издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бүгүн Кыргызстанга Эл аралык авиациялык комитеттин эксперттери, Boeing компаниясынын өкүлдөрү кырсыктын себебин иликтөөгө катышуу үчүн келишет.
Мындан тышкары, бүгүн каза болгон жарандардын сөөктөрүн кичи мекенине жеткирүү иштери улантылат. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей, туугандарынын каалоосу менен сөөктөрдү жеткирүү ишин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурууда.
Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, азыркы учурда авиа кырсыктан жабыркаган 11 үй-бүлө туугандарыныкына жайгаштырылды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөт тарабынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 70 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үй-бүлөсүнөн ажыраган балдардын маселесин чечүүнү жана зарыл болгон жардам менен колдоо көрсөтүүнү камсыз кылууну тапшырды. Мындан тышкары конкреттүү жардам көрсөтүү максатында турак-жайсыз калган жактардын тизмесин ыкчам тартипте түзүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 88409,88410,88411,88412,88413,88414,88415,88416,88417,88418"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү