19

Сентябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 3 жашар Исхактын үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 3 жашар Исхактын үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө.

Аныкталгандай, 3 жашар Исхактын энеси Зульфия Усенова болуп саналат, анын дагы үч баласы бар, алардын эң кенжесине бир ай толду, Зульфия Усенованын жолдошу жубайын жана балдарын таштап, каражат табууга кеткен.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча, үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүлгөн.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына  Зульфия Усеновага паспорт жана балдардын төрөлүшү тууралуу күбөлүк алуу маселесин чечүүнү тапшырды, андан соң балдарга жөлөк пул бөлүү жана аларды мектепке чейинки мекемелерге жайгаштыруу маселеси чечилет.

Учурда Ош облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүчүлүгү үй-бүлөнүн жашаган жери жана энесин ишке орноштуруу боюнча маселени чечүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү