19

Апрель

2017

Өкмөт чек ара маселелерин чечүү боюнча жигердүү иш алып барууну улантууда

Кыргыз Республкиасынын Өкмөтү коңшу мамлекеттер менен  чек ара маселелерин чечүү боюнча жигердүү иш алып барууну улантууда.

Бүгүнкү күндө Казакстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара участкаларындагы делимитация жана демаркация процесстери толук аягына чыккан.

Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арадагы 1379 чакырым жалпы участоктун 1054 чакырымы чечилген. Ошондой эле буга чейин Өзбекстан Республикасынын аймагына катталган 21 объект Кыргыз Республикасына юридикалык түрдө кайтарылган.

Мындан сырткары Тажикстан Республикасы менен да чек араларды тактоо жана аныктоо иштери активдүү жүрүп жатат. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы аянты 970 чакырым участоктун бүгүнкү күндө 519 чакырымы аныкталган.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү