21
Декабрь
Ысык-Көл облусунүн ишкерлери Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен экспортерлор үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылаарына ишенет
Ысык-Көл облусунүн ишкерлери Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен алар үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылаарына ишенет, бул өз кезегинде өндүрүлгөн продукциянын экспорттук көлөмүн жогорулатууга алып келүүдө.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы сүт продукциясын өндүрүүчү «Ак-Жалга» ЖАКка баруусунда белгилүү болду.
Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо жогорулаган. Алсак, үстүбүздөгү жылы экспортко чыгарылган продукциянын суммасы 87 млн сомго барабар болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 22 млн сомго барабар болгон. Көрсөткүчтөрдүн жакшырышы ЕАЭБ алкагындагы чек аралардын ачылышына байланыштуу болгон, бул өндүрүлгөн продукцияны Россия жана казакстандын рыногуна тоскоолдуксуз чыгарууга мүмкүндүк берген.
Белгилүү болгондой, аталган ишкананын чыгарган продукцисы эл аралык стандарттарга жооп берет жана муну тастыктаган сертификатка ээ.
Мында ишкерлер тарабынан насыя берүүнүн үстөк пайыздарына байланыштуу өтүнүчтөр айтылды.
Сооронбай Жээнбеков Өкмөттө экспортко багытталган айыл чарба тармагына берилүүчү насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жай тармагына басым жасалып жатканын кошумчалады.
Жети-Өгүз районунда Премьер-министрге райондун экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар айтылып, Өкмөт башчы мал-жандыкты идентификациялоо тутумунун жана ЕАЭБдин алкагында фитосанитардык көзөмөлдүн абалы менен таанышты.
Өкмөт башчы ошондой эле Барскоон айылындагы райондун жети айылына айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана фермерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган «Барс-s» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ишкананын карамагында бир катар техникалардын түрү бар.
[su_carousel source="media: 86962,86963,86964,86965,86966,86967,86968,86969,86970,86971,86972,86973,86974,86975,86976,86977"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү