18

Январь

2017

Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасы  Александр Жирков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында 16-январда катталган «Боинг-747»  авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада төмөндөгүлөр айтылат:

«Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын тургундарына «Боинг-747»  жүк ташуучу учагы кырсыкташынын натыйжасында кайгылуу адам курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Саха Республикасынын (Якутия) тургундарынан авиакырсыктан жапа чеккендерге, алардын жакын туугандарына көңүл айтууңузду өтүнөбүз. Биз сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү