11
Декабрь
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: Техникалык үзгүлтүк сейрек катталган учурга ээ
Сейрек учурда катталган техниканын үзгүлтүккө учуроосу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт. Аталган маселеде адам фактору дагы мааниге ээ. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди.
Тайырбек Сарпашев республика боюнча кээ бир партиялардын өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери бир нече ирет катталгандыгын дагы кошумчалады.
Анын сөзүнө караганда, азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан аталган фактылар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.
«Жалпы өлкө боюнча шайлоо процесси штаттык режимде өтүүдө, атайын техникалардын үзгүлтүккө учурашы боюнча фактылар жеринде ыкчам чечилүүдө», - деп белгиледи Тайырбек Сарпашев.
[su_carousel source="media: 86586,86587,86588,86589"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү