20
Октябрь
КЭР Сычуань провинциясынын эл өкүлдөр комитетинин туруктуу төрагасы Ван Дунмин : Сычуань ишкерлери Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
Кыргыз Республикасы Кытай менен өз ара коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет-деди, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын эл өкүлдөр комитетинин туруктуу төрагасы, партиялык комитеттин катчысы Ван Дунмин менен болгон жолугушууда.
Жолугушуу 19-октябрда, КЭР Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында «Жибек жолундагы биргелешкен кызматташуунун жаңы моделдери жана көп тармактуу кызматташуу үчүн жаңы платформаларды ачуу» атылышындагы IV кызматташуу форумунун алкагында өттү.
«Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып, эки өлкө ортосундагы кызматташтык конструктивдүү өнүгүүдө жана өсүү динамикасына ээ. Эки тараптуу ссода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы деми берүү үчүн туруктуу Бишкек-Пекин авиа каттамын ачуу чоң мааниге ээ. Аталган маселе макулдашуу этабында турат жана жакынкы аралыкта чечилерине ишенем», - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.
Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын эл өкүлдөр комитетинин туруктуу төрагасы, партиялык комитеттин катчысы Ван Дунмин белгилегендей, Сычуань ишкерлери Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.
«Сычуань провинциясы өлкө боюнча пайдалуу кен байлыктарын жана энергетиканы иштеп чыгуу боюнча биринчи орунда турат. Мындан тышкары, бизде станокторду орнотуу, машина куруу өнүккөн. Аны менен бирге заманбап технологиялар менен жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду жана автомобиль жолдорун курууда тажырыйба бар. Буларды эске алуу менен биз сиздер менен ушул жана башка багыттарда кызматташууну талкуулаганга даярбыз. Бул эки тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн зор мүмүкнчүлүк деп ойлойм», - деди Ван Дунмин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү