17

Январь

2017

РФ Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусунун Сокулук райондук курулуш башкармалыгынын дачасында 16-январда орун алган «Боинг-747» учагынын авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:

«Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Бишкектен алыс эмес жерде болгон аба кырсыгынын натыйжасында орун алган көптөгөн адам курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешпиз».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү