29
Август
Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады.
«Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер байланыштырып турат. Мен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялоо гуманитардык өнөр жай жана энергетика чөйрөсүндө ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу, биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келерине ишенем», - деп жазылат телеграммада.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин куттуктоо телеграммасы дагы бир жолу кыргыз-орус кызматташтыгын ар тараптан колдоого даяр экендигин көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү