31
Май
«Айыл банк» ААК башкармалыгынын башчысы Мурат Акимов: Ош облусундагы табигый кырсыктан жабыркаган биздин ар бир кардар менен жекече иштешип жатабыз
Ош облусундагы табигый кырсыктан жабыркаган биздин ар бир кардар менен жекече иштешип жатабыз жана оор кырдаалдан чыгуусуна жардам берүүгө даярбыз. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда,
«Айыл банк» ААК башкармалыгынын башчысы Мурат Акимов маалымат жыйынында билдирди.
«Жаратылыш кырсыгы орун алгандан кийин «Айыл банк» ААК, «РСК банк» ААК жана «Компаньон» банкынын адистери Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондоруна биздин кардарлардга жардам берүү үчүн барышты.
Азыркы кезде Чоң-Алай районунда «Айыл банк» ААК 127 кардары бар. 2017-жылдын 3-5-майында орун алган жер титирөөдөн улам 62 заемчынын турак-жайы ар кандай кыйроого учураган. Муну эске алуу менен банк заемчылар тарабынан алынган насыяларды реструктризациялоо жана мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алдынды. Мындан тышкары Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында жабыркаган 4 кардардын насыясы толугу менен жоюлган.
Жоюлган насыялык карыздын жалпы суммасы 824 миң сомду түзгөн. Аны миенен бирге «Айыл банк» ААК кызматкерлери табигый кырсыктын кесетептинен жабыркаган Ош облусунун тургундарына 822 миң сом жардам көрсөттү», - деп билдирди «Айыл банк» ААК башкармалыгынын башчысы Мурат Акимов.
«РСК банк»ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов маалымдагандай, банк Ош облусундагы табигый кырсыктын кесепетинен турак-жайларынан жабыркаган заемчылар менен иштерди жүргүзүүдө.
[su_carousel source="media: 95975,95976,95977" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү