29
Июль
2016
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги өкүлү Үсөн Усуповго сөгүш жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл кылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өкүлү Усупов Үсөн Макаевичке сөгүш жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү