18
Ноябрь
Кытай Элдик Республикасынын Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбековду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызды кубануу менен кабыл алдым, буга байланыштуу Сизди чын дилимден куттуктайм. Акыркы жылдары биздин биргелешкен күч-аракеттердин негизинде кытай-кыргыз мамилелеринин туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсү байкалууда. Саясий өз-ара ишеним тереңдеп, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык кеңейүүдө, эки өлкө элдерине реалдуу жана сезилерлик натыйжаларды алып келген бир катар маанилүү биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Кытай тарап кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүү үчүн Жибек Жолу Экономикалык алкагын курууга жана өндүрүштүк кубаттуулук жаатында кызматташтыкты алга жылдыруууга биргелешкен күч-аракет жумшоого даяр», - деп айтылат КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцяндын куттуктоосунда.
Ли Кэцян Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жогорку жетекчилик кызматта ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү