07

Сентябрь

2017

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Сапар Исаковду Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

“Акыркы жылдары кытай-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшү байкалууда. Мен биргелешкен «Бир алкак - бир жол» долбоорлорун алдыга жылдыруу жана кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү болуп, эки элдин жыргалчылыгына шарт түзгөн өндүрүштүк кубаттуулуктарды жылдырып, жайгаштыруу сыяктуу иштерде Сиз менен тыгыз кесиптештик мамилени, жеке достукту орнотууга даярмын”, - деп куттуктоодо белгиленет. Куттуктоо телеграммасында Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Премьер-министр Сапар Исаковго бекем ден-соолук, тынчтык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан ары да ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектеш экендигин белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү