18

Январь

2017

КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кытай Эл Республикасынын Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында катталган «Боинг-747»  авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:

«Кыргызстандын аймагында көптөгөн адам курмандыктары жана жабыркагандар менен коштолгон 16-январда болуп өткөн авиациялык кырсыкты кайгыруу менен кабыл алдым. Кытай өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиз аркылуу  каза болгондордун үй бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешпиз».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү