26
Январь
Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:
«Чүй облусунда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан жерде жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адам курмандыктары менен коштолгон кабарды кайгыруу менен каыл алдым. Бул кайгылуу учурда Армения Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына чын дилимден көңүл айтам, кайраттуулук тилейм жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү