17
Январь
Азербайжандын Премьер-министри Артур Раси-Заде Кыргызстандын Премьер-министрине «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Артур Раси-Заде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго 16-январда Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы курулуш башкармалыгынын дачасында катталган «Боинг-747» учагынын кыйрашына байланыштуу телеграмма жөнөттү.
Телеграммада:
«Көптөгөн жарандардын өмүрүн алган Бишкекке жакын жердеги жүк ташуучу учактын кыйрашы тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Буга байланыштуу, Сиздерге, каза болгондордун жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, кырсыктан жабыркагандын тезирэк айыгып кетишин каалайбыз» - деп жазылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү