08

Сентябрь

2017

Беларусиянын Премьер-министри Андрей Кобяков Сапар Исаковду Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына  дайындалышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында:

«Сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүз, терең билимиңиз жана мол тажрыйбаңыз Беларусия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө зор салым кошоруна ишенем. Эки өлкө ортосунда соода-экономикалык маданий гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында байланышты мындан ары да күчөтүү багытында иш алып барууга кызыкдарбыз»,-деп жазылган.

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү