18
Май
Бельгиянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Бельгия Королчулугунун Премьер-министри Шарль Мишель Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында төмөндөгүдөй айтылат:
«Сиздин өлкө бакубаттуулугу үчүн жүргүзгөн ишмердүүлүгүңүздө ийгликтердин жаралышын каалайм. Буга катар Сиздин жетекчилигиңиз астында Бельгия Королчулугу жана Кыргыз Республикасы ортосундагы кызматташтык эки өлкө бакубаттуулугу жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык жана коопсуздук үчүн биргелешкен иш алып барууда жемиштүү өнүгөөрүнө ишеним билдирем».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү