18
Январь
Чехия Республикасынын Премьер-министри Богуслав Соботка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Чехия Республикасынын Премьер-министри Богуслав Соботка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында катталган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада мындай деп айтылат:
«Сиздердин өлкөнүн борборунан анча алыс эмес жерде 16-январда, көптөгөн жарандардын өмүрүн алган авиа кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Буга байланыштуу Чех Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сизге, кайгылуу окуядан улам каза болгондордун жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтам».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү