26
Январь
Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:
« Сокулук районунун Дачи-СУ айылынын тургундарынын кырсыктан курман болгондугу тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Гузин элинин атынан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү