26
Январь
Катардын Премьер-министри Абдуллах бин Насер бин Халифа Аль-Тани Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Катар Мамлекетинин Премьер-министри, ички иштер министри Абдуллах бин Насер бин Халифа Аль-Тани Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:
«Катар Мамлекетинин жана жеке өзүмдүн атымдан «Манас» аэропортунан алыс эмес аймакта жүк ташуучу учактын кыйрашынын натыйжасында каза болгондордун кайгы жутуп турган үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм. Курман болгондордун жайы жаннатта болуп, топурагы торко болсун».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү