18
Январь
Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго 16-январда, Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи СУ айылында катталган «Боинг-747» учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада мындай деп айтылат:
«Бишкек шаарынан алыс эмес жерде болгон аба кырсыгынын натыйжасында орун алган көптөгөн адам курмандыктарына байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү