12

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевди Россия күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2017-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевди мамлекеттик майрамы -  Россия күнү менен куттуктады.

“Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достук, биримдик  жана стратегиялык өнөктөштүк калыптанып, ал жыл сайын бекемделип, динамикалуу өнүгүп келе жатат”, - деп белгиленет Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевге бекем ден-соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жетишкендиктерди жана россия элине ийгилик,  жаркын келечек каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү