19

Сентябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков атамекендик ишкерлерди өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн сыйлады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда,  Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө арналган форумдун ишине катышты. Премьер-министр атамекендик ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Алсак, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Акылбек Байматов – Талас облусундагы дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- Бакыт Дегенбаев – Атамекендик өндүрүшчүлөрдү жана экспортту өнүктүрүүнү колдоо коомдук фондунун жетекчиси.

Төмөнкүлөргө Премьер-министрдин атынан алкыш жарыяланды:

- Умбриэль Темиралиев – «ЖИА» Бизнес-ассоциациясынын төрагасы, «Trendstone Capital Partners» башкаруучу өнөгү;

- Болотбек Асанбеков – Нарын облусундагы фермер;

- Икрам Жумаев – Баткен облусундагы «Жинжиген» ЖЧК директору.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы дыйкан чарбасынын жетекчиси Акылбек Байматовдун жана Атамекендик өндүрүшчүлөрдү жана экспортту өнүктүрүүнү колдоо коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Дегенбаевдин ишине өзгөчө баа берди.

Акылбек Байматов Талас облусунун Кара-Буура районунун ишкери, көп тармактуу айыл чарба комплексин башкарат. Анда алма өстүрүүчү күнөскана, тандалма жылкыларды, породалуу уйларды жана кой-эчкилерди өстүрөт. «Өз иши аркылуу Акылбек Байматов райондун жана облустун өнүгүүсүнө чоң салым кошууда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бакыт Дегенбаев Коомдук фонддун жетекчиси катары социалдык тармактарда «Кыргызстанда өндүрүлгөндү танда» акциясын ишке киргизди, анын максаты – атамекендик продукцияны жайылтуу.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мындай демилгелерге жараша атамекендик продукция өлкөнүн гана эмес, андан тышкаркы аймактарда да таанымал боло баштайт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Улан Асанканов – «ОККО» ААК башкы директору;

- Абдирахим Бабаев – «Биовит» ЖЧК башкы директору;

- Денис Гайворонский – «Куликовский» кондитердик үйүнүн башкы директору;

- Зумрат Ибраимжанова –«Сайранс» комплексинин башкы директору;

- Русланбек Матраимов – жеке ишкер;

- Уланбек Момуналиев – «Чычкан» туристтик комплексинин директору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү