01

Июль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун «Казарман-Жалал-Абад» участогун көрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун «Казарман-Жалал-Абад» участогун көрдү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, Жалал-Абад шаарынын – Казарман айылындагы участоктун жалпы көлөмүнүн 46% бүтүп калды. Аталган участокто дренаждык, жер жана көпүрөлөрдө коммуникацялык көчүрүү  иштери аткарылууда. Казарман айылынан тоннель тарапты көздөй 21 км жолго асфальт бетон төшөлүп, 4 км асфальт бетон жолдун үстүңкү катмары шагыл-мастич асфальт бетон менен жабылды.

Министр асфальттоо иштери германиянын полимер-шагыл-асфальт бетон кошулмасын колдонуу ыкмасы менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Аталган ыкманы колдонуу жолдун бекемдигин 1,5 эсеге жакшыртып, эксплуатациялык мөөнөтүн 1,6 эсеге тез бүткөрөт.

Өкмөт башчы ошондой эле Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу менен да  таанышты.

Жамшитбек Калилов тоннелдин түштүк порталында 255 казуу иштери штольня – 265 м,  жана түндүк порталында – 312 м, штольня – 484 м аяктаганын билдирди. Тоннелдин жалпы узундугу 3 миң 815 метр. Курулуш иштерин 2019-жылы аяктоо пландалууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу азыркы Кыргызстандын тарыхында эң ири инфраструктуралык долбоор болуп эсептелерин баса белгиледи. Ал жолдун курулуш иштерин сапаттуу бүткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну дагы бир ирет эскертти.

[su_carousel source="media: 98447,98448,98449,98450,98451,98452,98453,98454" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү