11
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун Мун “Энелер көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюшту
Бүгүн, 11-июнда, Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун Мун “Энелер көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюшту.
Митинг-реквием башталышынын алдында 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө курман болгондорду эскерип, аза күтүү мүнөтү жарыяланды.
Андан соң, Премьер-министр Темир Сариев чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, ар бир жаран бүткүл өлкөдөгү Кыргыз Республикасындагы тынчтыкты, бейкуттукту жана өнүгүнүү сактоо үчүн өзүнүн салымын кошууга милдеттүү экендигин белгиледи.
Премьер-министрдин сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти:
"Урматтуу Пан Ги Мун мырза!
Кадырлуу замандаштар!
Өлкөбүздүн тарыхындагы каргалашуу окуялардын бири болгон Июнь окуясынын 5 жылдыгына арналган аза күтүү аземине Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы, урматтуу Пан Ги Мун мырзанын катышып, бейкүнөө каза болгон жердештерибиздин эстелигине таазим кылып, гүл коюп, биздин кайгы-капабызды тең бөлүшүп жаткандыгы үчүн кыргызстандыктардын, Кыргыз Өкмөтүнүн атынан терең ыраазылык билдирем.
Мындан 5 жыл мурда бир ууч сепаратистик топ өз кызыкчылыгын ойлоп элибиздин тынчтыгын бузуп, жергебизге бүлүк салган улуттар аралык араздашууну баштагандыгы, акыры жүрүп байыркы замандан бери бирге жашап туугандашып, достошкон кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда чагым салып, кан төгүүгө жол бергени Кыргызстаныбызда жашаган ар бир улут өкүлүн өкүндүрбөй койбойт.
Ал күндөр бизден канчалык алыстабасын азыр да ар бирибиздин сөөгүбүздү сыздатып, оор учурду эсибизге салып турган эстелик, көз жашын төккөн энелердин элеси, тынчтыктын, улуттар аралык ынтымактын баасын бизге эскертип, мындан кийин өткөндөгүдөй кайгылуу окуяларга жол бербөөнү бизден талап кылып турат.
Бизди дайынсыз жоголгон уул-кыздарыбыздын тагдыры түйшөлтүп келет, алар биздин көңүл борборубузда. Издөө-изилдөө иштери токтогон жок. Ошол уул-кыздарыбызга да баш ийип, таазим этип, ата-эне, жакындарын сабырдуулукка чакыргым келет.
Июнь окуясынын «жарасын» акырындык менен айыктырууга далалат кылып келебиз. Ал окуялар учурунда жабыр келтирилген шаарларды калыбына келтирүүгө, үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылууга аракет жумшадык. Бул иштерде айрым мүчүлүштүктөргө жол берилгени боюнча айрым наарызылыктар бар. Биз аларды акыр-аягына чейин териштирип, тиешелүү баа беришибиз зарыл.
Ошентсе да, канча үй курулбасын, шаарларыбыз калыбын келбесин каргалашуу күндөрдө жоготкон мекендештерибизди кайтарып ала албайбыз, алардын өмүрүнө эч бир нерсе татыбайт.
Ошондуктан, ар бирибиз адам өмүрүн алган мындай окуялардын кайталанбашы үчүн жан үрөп аракет кылып, ар кыл чагымчылардын сөзүнө кирбей биримдикти “көздүн кареги” сымал сакташыбыз абзел.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, кыргыз элим кылымдардан бери келе жаткан биздин калкыбыздын улуу касиети болгон сабырдуулукту, айкөлдүктүжана ынтымакты дагы да болсо бекем тутуп, Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп өнүгүшүнө жапырт аракет кылышыбыз керек.
Кыргыз мамлекети кубаттуу, экономикасын, өнөр жайын өнүккөн өлкөгө ацлантууга, элибиз бакубат, байгерчилик ичинде жашарына толук негиз бар.
Бардыгыныздарга ден-соолук, үй-бүлөңэздөргө тынчтык, жакшылык каалайм.
Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!"
[su_carousel source="media: 57291,57292,57293,57294,57295,57296,57297,57298" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү