29

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотту

Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Белгилесек, мындан мурда Өкмөт башчы келерки шайлоого катышуучу мамлекеттик орган жетекчилери өз ыйгарым укуктарын тапшыруусу керектиги тууралуу билдирген.

Премьер-министр тарабынан орнотулган тартипке ылайык, Канат Исаев кызматтан бошотуу тууралуу арызын берген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү