06
Январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчынын куттуктоо тексти:
«Урматтуу мекендештер, христиандар!
Сиздерди жаркын майрамыңыздар менен куттуктайм!
Бул майрам миллиондогон адамдардын үйүнө жарык маанай тартуулап, жылуу кабар жеткирип, жалпыбызды адамдык рухий баалуулуктардын тегерегинде баш коштуруп, адамдык бийик сапаттардын жана коомдогу ынтымактын бекемделишине салымын кошот.
Рождество күндөрү кайрымдуулукка, мээрим төгүүгө басым жасалып, биздин көңүл буруубузга муктаж жактарга кол сунууга үндөйт.
Рождество майрамы – жаңылануунун, жаңы жашоонун, үмүт-тилектердин майрамы.
Сиздерге рухий эрктүүлүктү, адамдарга болгон мээримдүү мамилени, бакубаттуулукту жана тынчтыкты каалайм.
Ар-бир үй-бүлөдө тынчтык жана ынтымак орун алып, ар-бир үйдө жылуулук жана ынтымак-ырашкерлик түнөк тапсын.
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев»