09
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Хелен Кларк менен жолукту
Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Тажикстанга расмий сапарынын жана “Суу-жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык конференциянын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Хелен Кларк менен жолукту.
Жолугушуу жүрүшүндө Премьер-министр «Суу-жашоо үчүн” конференциясы Кыргыз Республикасы үчүн суу ресурстарына байланышкан маселелер боюнча өз көз карашын билдирүү үчүн жакшы аянтча болгонун белгиледи:
«Биз, өзгөчө Борбор Азияда суунун канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз»-деди Темир Сариев.
Өкмөт башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасына Кыргызстанда жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазылыгын билдирди. Айрыкча, аталган программанын айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын рационалдуу колдонуу жана өлкө жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу боюнча ишин баса белгиледи.
«Кыргыз өкмөтү БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташууну улантат»-деп убада берди Темир Сариев.
Өз кезегинде Хелен Кларк БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасы менен кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстанда Миң Жылдыктын максаттары долбоорунун жыйынтыгын оңунан баалады.
«Кыргыз өкмөтү туруктуу өнүгүүгө тоскоол болгон маселелерди чечүүгө бардык аракетин жумшап жатат»-деп кошумчалады Хелен Кларк айым.
Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу, БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтчү кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын катышуусу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорду өткөрүү жараяны, андагы эл аралык байкоочулардын катышуусу сыяктуу маселелерди талкуулашты.
[su_carousel source="media: 57139,57140,57141,57142" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү