13
Июнь
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен жөнөп кетти
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен жөнөп кетти.
Иш сапарынын алкагында ал Токтогул ГЭСинин иши жана андагы суунун деңгээли менен таанышып, жеринде энергетикалык компания жетекчилери менен жолугушуп, кеңешме өткөрөт.
Андан соң Премьер-министр Темир Сариев Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги дамбанын абалы жана Бишкек-Ош стратегиялык автожолунун 303 км тилкеси менен таанышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү