14
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Франциянын Премьер-министри Мануэль Вальска Париж шаарындагы террордук актыга байланыштуу кɵңүл айтты
Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Франция Республикасынын Премьер-министри Мануэль Вальска Париж шаарындагы террордук актыга байланыштуу кɵңүл айтты.
«Париж шаарында кɵптɵгɵн тынч жарандардын ɵмүрүн алган 2015-жылдын 13-ноябрындагы террордук акт тууралуу кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат Премьер-министрдин кɵңүл айтуусунда.
Темир Сариев каза болгондордун туугандары жана жакындарына терең кɵңүл айтып, жараат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү