30
Июнь
2015
Кыргызстандын Премьер-министри Кувейттин Премьер-министрине тынч жарандардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кувейттин Премьер-министри шейх Джабер аль-Мубарак аль-Хамад ас-Сабахка Эль-Кувейт мечитиндеги террористтик актынын натыйжасында курман болгон тынч жарандарга байланыштуу көңүл айтты.
Темир Сариев курман болгондордун жакындарынын жана туугандарынын азасын тең бөлүшөөрүн билдирип, жалпы жабыркаган жарандардын тезинен сакайып кетүүсүн тиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү