18
Май
Молдованын Премьер-министри Павел Филип Мухаммедкалый Абылгазиевди КР Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
"Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө ийгиликке жетишүүнү жана жарандардын бакубат жашоосун мындан ары жогорулатууну улантарына ишеним билдирем. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы конструктивдүү диалог мындан ары да кыргыз-молдова кызматташууларын өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өнүктүрүү жана бекемдөөнү шарттайт деп ынанам.
Сиздин жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизде Сизге ийгилик каалап, менин жогорку урматтоомду кабыл алууңузду суранам".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү