26
Январь
Молдованын Премьер-министри Павел Филип Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Телеграммада төмөнкүлөр айтылат:
«Манас» аэропортунун аймагындагы «Боинг-747» жүк ташуучу учагынын кыйроосунун натыйжасында көп сандаган адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кырсыкка кабылгандарга чын дилимден көңүл айтам, ошондой эле жабыркагандардын тез арада айыгып кетишине тилектешмин».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү