26

Январь

2017

Монголиянын Премьер-министри Жаргалтулгын Эрдэнэбат Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Монголиянын Премьер-министри Жаргалтулгын Эрдэнэбат Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат:

«Бишкеккке жакын аймактагы жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адам курмандыктары орун алган кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Монголия Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү