29

Сентябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Stewart Assay and Environmental Laboratories» лабораториясынын ишмердиги менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы «Stewart Assay and Environmental Laboratories» лабораториясынын ишмердиги менен таанышты.

Өкмөт башчы кургаткыч жана талкалагыч бөлүмдөрүн, лабораторияны, ошондой эле үлгүлөрдү жана дубликаттарды сактоо имаратын көрүп чыкты.

Премьер-министрге маалымдалгандай, «Stewart Assay and Environmental Laboratories» ЖЧКсы таанылган көз карандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат, ал өз ишин 1996-жылы баштаган.

Лабораториянын ишмердигинин негизги багыты катары өзүнө геологиялык үлгүлөрдүн жана курчап турган айлана чөйрөнү коргоо үлгүлөрүнүн анализин камтыган техникалык сыноолор саналат.

Лабораториянын кардарлары - Борбор Азия өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россиянын тоо кен компаниялары. Лаборатория UKAS (Улуу Британия) ISO жана КАБ (Кыргыз Республикасы) аккредитациясына ээ.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өлкөдө туруктуулукту камсыздоонун жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатат.

«Дал ушундай ишканалар өлкөдө инвестициялык долбоорлорду жемиштүү жана натыйжалуу ишке ашыруунун ачык мисалдары болуп саналышат, алар эл аралык рынокто ийгиликтүү иштеп, дүйнөлүк алдынкы биржалар тарабынан таанылат», - деди Өкмөт башчы.

 [su_carousel source="media: 123517,123516,123518" link="image" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөүмү