21
Декабрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР ЖК 80 жылдыгына байланыштуу иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына байланыштуу иш-чарага катышты.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан жалпы жарандарды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кечээгиси менен бүгүнкүсү бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Кыргызстандын парламентинин тарыхы – бул кыргыз элинин тарыхы. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп, илгертеден иштер эл менен кеңешилип бүткөн. Бул кыргыздын канына сиңген. Кыргыз эли байлыктан да, бийликтен да, азаттыкты ар дайым бийик туткан», - деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы белгилегендей, элдик жыйындарда кыргыздын кыйындары, касиеттүү мыктылары, ар уруу журттун хандары, калкты билген балдары чогулуп, “улук жыйын топ кылган, укса канбас кеп кылган”. Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүү менен бирге социалдык-экономикалык жана аскердик-саясий чечимдерди кабыл алып турушкан. Акырындык менен ал өлкөнүн заманбап мыйзам чыгаруу органына айланып, алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети болуп, кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши катары 80 жылдын ичинде жаңы бийиктерге чыкты.
«90-жылдардагы демократиянын катуу толкунунун эпкини азыркы мезгилге чейин келип турат. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш – элдин калың катмарындагы ар түрдүү көз караштарды түздөн-түз билдире турган жалпы улуттук аянтча. Парламенттик трибуна аркылуу карапайым калктын көйгөйлөрү ачык-айкын чечилүүдө. Ушул чакырылышта тажрыйбалуу депутаттар, ар түрдүү тармактын өкүлдөрү: мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, журналисттер, илимдин докторлору, күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жана башка адистер элдин жүгүн аркалап жатасыздар. Эл алдындагы чоң жоопкерчиликти эске алуу менен өлкө парламенти ачык-айкын иштөөгө аракет кылууда. Комитет, фракция жыйындары, пленардык кеңешмелер сыяктуу эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөндүгү абдан маанилүү», - деди ал.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылууда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин өз-ара аракеттешүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Учурда Өкмөт Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү иштешип, эки органдын ортосунда иштиктүү атмосфера түзүлүп жаткандыгын элибиз көрүп турат. Биргелешкен ыраттуу иш алып баруунун натыйжасында быйыл эле 8 айдын ичинде Өкмөт тараптан киргизилген эл аралык келишимдер боюнча 31 мыйзам долбоору ратификацияланды, өлкө үчүн өтө маанилүү болгон 66 мыйзам долбоору кабыл алынды. Мунун өзү Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы консенсусту, көз караштардын жана позициялардын максаты бир экенин билдирип турат. Бул – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү жана элдин жашоосунун жакшырышы. Айрыкча 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021-жылдардын болжолу жөнүндө мыйзамдын бекитилишин өзгөчө баса белгилеп кетким келет, анткени, бул өнүгүүгө багытталган бюджет», – деди ал.
Президентибиздин демилгеси менен киргизилген Аймактарды өнүктүрүү концепциясын жылдырууда эл өкүлдөрүнүн айткан сунуштары жана демилгелери Өкмөттүн ишине чоң жардамын тийгизип жатат. Бул иштердин мааниси жана келечеги кең.
«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы ишканалардын ачылышы, жумушчу орундардын түзүлүшү, социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу келерки жылдары өз жемишини берет. Муну менен бирге өзүңүздөр билгендей, мамлекетте санарипти өнүктүрүүнүн Концепциясы кабыл алынып, активдүү киргизилип жатат. Аны алдыга жылдыруу үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы турат. Бул тармакта да сиздер менен биргеликте иштеп, натыйжалуу иштерди жасайбыз деп ишенебиз. Бул иштин да үзүрү чоң болот. Алдыда дагы далай иштер бар, ошондуктан биргелешкен ырааттуу ишибиз аркылуу тарыхты бирге жазалы, эл үчүн, мамлекет үчүн жакшы иштерди ишке ашыралы», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 127258,127257,127256" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]