24

Апрель

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат

Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-апрелде, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктары боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов маалымдагандай, 2018-жылдын 25-январында Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган штаттан тышкаркы абалды эсепке албаганда, жалпысынан алганда, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө байланыштуу абал стабилдүү болду.

«2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 881,07 м түзүп, көлөмү 14,448 млрд метр куб болду, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,67 млрд метр кубга жогору, анда суунун деңгээли 874,01 м белгисин көрсөтүп, 12,773 млрд метр кубду түзгөн», - деп маалымдады Улан Рыскулов.

Анын айтымында, 2017-жыл үчүн «Электр станциялары» ААК 15 151,4 млн кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан, бул 2016-жылкы көрсөткүчтөн 18% га көп болуп саналат. 2017-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2 192,0 миң Гкал түзүп, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 11% га жогору эсептелет.

Премьер-министр маалыматты уккан соң, Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган авария энергетикалык тармактагы тутумдук көйгөйлөрдү ачыктагандыгын белгиледи.

«Энергетикалык тармактын жетекчилери ишти ийне-жибине чейин билип, татаал кырдаалда жоопкерчиликти башка жакка шылтабай, өзүнө алууга үйрөнүүсү керек. Энергетикалык тармакка күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча коюлган милдеттемелерди алып кете турган чынчыл, кесипкөй адистер келиши керек. Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык компаниялардын ишинин финансылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди. Өлкө Президенти Өкмөттүн алдына конкреттүү милдетти – бардык коррупционерлерди аныктоо жана тармакты алардан тазалоону койду. Эл байлыгы катары саналган энергетикалык тармакты уурдоо эсебинен байып көнгөн айрым топтордун каршылыгына карабастан, аталган милдет аткарылат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, энергетикалык секторду көзөмөлдөгөн тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери келерки кышта шаардыктардын турак-жайын ысык суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоосу үчүн Бишкек шаардык ЖЭБдеги таңкыстыктарды жоюушу тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилерине энергетикалык тармактагы абалды жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Атап айтканда, Бишкек шаардык ЖЭБдеги аварияны  жоюу жана өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги мындай абалга жол бербөө боюнча антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, жалпы энергетикалык жабдуулардын абалын техникалык талдоодон өткөрүү жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен берилген режимди аткаруусун камсыздоо боюнча анын жөндөмдүүлүгүн баалоо, энергетикалык компаниялардын башкаруу органдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле энергосекторду башкаруунун ачык-айкын ыкмаларын  киргизүү аркылуу энергетикалык объектилерди пайдалануунун үзгүлтүксүз технологиялык циклин камсыздоо милдети тапшырылды.

Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго көмүр өнөр жай жана тоо-кен казып алуу тармагы жаатындагы иштерди күчтөндүрүү, кен байлыктарды иштетүү пландалып жаткан аймактардын тургундары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү тапшырмасы берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отун-энергетикалык комплексинин ишкана жетекчилеринин жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана андан ийгиликтүү өтүү, ошондой эле энергетикалык компаниялардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн койгон милдеттерин аткаруусу боюнча иши өзгөчө көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 115766,115767,115768,115769" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү