07
Апрель
Премьер-министр Ысык-Көл районундагы пансионаттардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-апрелде, Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекеме жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушууга тийиштүү райондук кызматтардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев региондун ички курорттук жолдорунун абалы тууралуу маалыматтык бетачар тартуулады. Анын айтымында ички жолдордун көп бөлүгү реконструкцияга муктаж.
Кеңешменин жүрүшүндө Сапар Исаков Ысык-Көл облусу өлкөнүн негизги туристтик аймагынын бири болуп саналарын белгиледи. Буга байланыштуу ал тийиштүү түзүмдөр тарабынан инфраструктураны, ички жолдорду, ошондой эле региондогу пансионаттардын тегерегиндеги жарыктандыруу тутумун жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, чет элдик туристтер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгү пансионаттарга бара жаткан кирме жолдордун абалына канааттанышпайт.
Премьер-министр Узар Жылкыбаевге ыкчам түрдө региондун ички курорттук жолдорун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын балансына алуу маселесин чечүү тапшырмасын берди. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрине белгиленген жолдордун реконструкция долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Сапар Исаков жайкы туристтик мезгилде жарандарга жана чет элдик конокторго болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Ал пансионат жетекчилерине аталган маселени чечүү боюнча көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Андан тышкары, Премьер-министр Ысык-Көл облусунун айланма авто жолун реконструкциялоо жана региондун башка инфраструктуралык долбоорлору боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.
[su_carousel source="media: 114756,114755,114754,114753,114752,114751,114750,114749,114748,114747" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү