16

Апрель

2016

Премьер-министр С.Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге адам курмандыктарына алып келген зилзалага байланыштуу кɵңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге Кюсю аралындагы кɵптɵгɵн адам курмандыктарына алып келген зилзалага байланыштуу кɵңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн жана жеке ɵзүмдүн атымдан Кюсю аралындагы зилзала кесепетинен орун алган адам курмандыктары жана олуттуу кыйроолорго байланыштуу терең кайгыруу менен кɵңүл айтам. Ушул кайгылуу күндɵрү биз сиздердин терең кайгыңыздарды курман болгондордун үй-бүлɵлɵрү менен биргеликте тең бɵлүшүп, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетүүсүнɵ тилектештигибизди билдиребиз», - деп айтылат Премьер-министр С.Жээнбековдун телеграммасында.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү