16

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тиешелүү тараптарга бир топ тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Ысык-Ата аймактык ооруканасы 1978-жылы курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Оорукана 270 бейтапка ылайыкталып, Ысык-Ата районунун тургундарын тейлейт.

Сапар Исаков 2017-жылдын аягына чейин оорукананын газ-жылуулук системасын жана бейтаптарды ташуучу лифтин орнотуу иштерин аяктоону тапшырды. Аны менен катар оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси кийинки жылдын республикалык бюджетин  түптөө учурунда караларын билдирди.

Андан ары Өкмөт башчы Кан шаарындагы «Чупра» дренаждык каналына барды.

Кант шаарынын мэри Эркин Абдрахманов дренаждык каналдын булгангандыгынан улам, 200 шаар тургуну жашаган жерде  саркынды суулар каптап калуу коркунучу бар экенин, каналды тазалоо иштерине 3 млн. сом каражат керектелерин билдирди.

Премьер-министр Кант шаарынын мэрине тез арада «Чупра» дренаждык каналын тазалоо боюнча долбоорду иштеп чыгып Өкмөттүн кароосуна жөнөтүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 103320,103321,103322,103323,103324,103325,103327,103328" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү