19

Февраль

2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.

Өкмөт башчы Европа Биримдигине өлкөдөгү шайлоо тутуму, билим берүү жана укук үстөмдүгү жаатындагы реформаларды үзгүлтүксүз колдоого алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады. Биринчи кезекте реформалар бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын тутумун түзүүгө багытталат, анын катарына мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана айкындынгын, натыйжалуу мамлекеттик аппартты, адилет салык салуу жана бажы төлөмдөрүн чогултуу, ошондой эле мамлекет жана жарандын өз-ара аракеттешүүсүнүн бардык тармагындагы коррупциянын алдын алуу кирет», - деди Сапар Исаков.

Петер Буриан Кыргыз Республикасындагы 2017-жылкы президенттик шайлоонун жогорку деөгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилеп, ошондой эле Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» жана «Таза Коом» программаларына кенен токтолду.

«Биз президенттик шайлоого толкундануу менен байкоо салып турдук жана жалпы процесске жогорку баа бердик. Ондогон мамлекеттер электрониканы пайдалануу менен мындай шайлоо тутуму тууралуу кыялданышат. Бирок сиздер мындай натыйжага үч жылдан аз убакытта жетише алдыңыздар. Биз өкмөттүк программалар алкагында өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз. Программа маалыматтары эки тараптуу кызматташтык үчүн мыкты негиз болуп, колдоого алуу боюнча бизге багыт берет. Биз, өз кезегинде Erasmus+ программасынын алкагында тийиштүү кадрларды даярдоо, сооданы өнүктүрүүдө кошумча кубаттуулукту жана акыйкаттыкка жеткиликтүүлүктү камсыздоо жаатында «Таза Коом» үчүн жагымдуу шарт түзүү үстүндө иш алып барууга даярбыз», - деп кошумчалады Петер Буриан.

Андан соң тараптар КР жана ЕБ ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди даярдоо боюнча кенен талкуулашты, андагы талкуулар боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында жүрөт.

«Биз жаңы Келишимди иштеп чыгуу маселесине чоң маани беребиз. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү интенсивдүү режимде өткөрүүгө даяр. Кол коюлган Келишим биздин мамилелелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз», - деп белгиледи Сапар Исаков.

«Биз ошондой эле Европа Биримдигинде Келишимди тездетип макулдашууга даяр экенибизди тастыктайбыз. Эки тараптан чоң жумуш аткарылды. Биз регионалдык кызматташууга жана өлкүнүн санариптик күн тартибине абдан чоң маани беребиз. Санариптештирүү башкаруунун таза системасынын түзөт, бул бүгүн бизнеске жана инвесторлорго керек нерсе», - деди Петер Буриан.

Жолушуунун жыйынтыгында тараптар таза суунун жеткиликтүүлүгү, билим берүү жана сот адилеттигине байланыштуу долбоорлорду кенен талкуулашты.

[su_carousel source="media: 112583,112584,112585,112586,112587" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү