13
Октябрь
Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды.
Өкмөт башчы Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы Бекзат Идирис уулунун үйүнө барды.
Аталган үй-бүлөнүн 4 баласы бар, кичүү кызы Нурайым мээ шалы менен жабыркап келет. Атасы Бекзаттын туруктуу иштеген жумушу жок, ал эми апасы үй кожойкеси.
Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Түп районунун Күрмөнтү айылында жашаган 1941-жылы туулган Шайырбүбү Усмамбетованын үйүнө барды.
Шайырбүбү апа 1-топтогу майып, бир бутунан ажыраган, анын уулу кулагы начар угат.
Мындан сырткары Өкмөт башчы Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургуну Гүлзат Казакованын үйүнө барды. Ал төрт баланын энеси, социалдык колдоого муктаж.
Сапар Исаков аларга материалдык колдоо көрсөтүп, сатып алган азык-түлүктөрүн берип, колдоо сөзүн айтты. Мындан сырткары тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды медицианлык дарылоодон өткөрүү жана социалдык көйгөйүн чечүү боюнча тапшырма берди.
[su_carousel source="media: 105381,105382,105383,105384,105385,105386,105387,105388,105389,105390" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү